Forbes: Москва миллиардерлердин саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын финансы-экономикалык журналы миллиардерлердин саны боюнча дүйнө шаарларынын рейтингин түздү. Биринчи орунда Нью-Йорк турса, экинчи сапты Гонконг, үчүнчү катарды Москва шаары ээлеген.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Forbes журналы Москваны дүйнө боюнча миллиардерлер көп жашаган шаарлар рейтингинде үчүнчү катарга чыгарган.

Басылманын маалыматына ылайык, Россиянын борборунда 60 миллиардер жашап, алардын байлыгы 270,6 миллиард долларды түзөт.

25 шаар кирген рейтингде биринчи сапты 79 миллиардери менен Нью-Йорк шаары ээлеген. Алардын акчасы 364,6 миллиард долларга жетет. Экинчи орунда 261,3 миллиард долларга ээ 68 миллиардер жашаган Гонконг шаары турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0