ЖМК: Эрдоган дүкөндөгү кардардын кейпин кийди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүТүркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европанын ага муктаж экенин түшүнгөн Эрдоган Евробиримдик менен соодагердей эле мамиле түзүп калды, деп жазат немис маалымат каражаттары.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Европа мамлекеттери ага кызыкдар экенинен пайдаланып, өз шартын кое баштаганын Германиянын N-tv каналынын сайтына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

"Эрдогандын Евробиримдик менен болгон мамилесин дүкөндөгү кардар менен салыштырууга болот. Азыр Түркия президенти жерди да, эмне талап кылуу керектигин да тандоодо", — деп жазат канал.

Басылма өлкө башчы бир туруп Сириянын түндүк аймагына качкындарга арналган шаарча курууну сунуштап, ал үчүн миллиондогон евро сураса, ошол эле маалда Евробиримдик менен виза системасын жоюуну талап кылганын белгилейт. 

"Ал эми Түркиянын аймагындагы качкындарга жардам берүү үчүн күн сайын өзгөргөн акчанын суммасы тууралуу айтып да кереги жок", — дейт канал.

Анын билдирүүсүндө, Эрдоган европалыктардын ага болгон муктаждыгын сезип-билип, текебер мамилеге өттү.

"Европага мыйыгынан жылмайып коюп адам укугун болушунча тебелеп келет. Ал "мага баары кечиримдүү" деген ураан менен жашоодо", — деп аяктайт өз макаласын автор.

Эскерте кетсек, Түркия полициясы өткөн жума күнү өлкөдө күн сайын азайып бара жаткан оппозициялык басылмалардын бири Zaman гезитине чабуул жасап, редакцияны колдоо үчүн келген элди суу жана көздөн жаш агызуучу газ менен кууган.

Жаңылыктар түрмөгү
0