Пакистанда жан кечтинин жардыруусу сегиз кишинин өмүрүн алып кетти

© REUTERS / Fayaz AzizПакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтува провинциясынын сот имаратынын алдындагы жардыруунун кесепети.
Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтува провинциясынын сот имаратынын алдындагы жардыруунун кесепети. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жан кечти Хайбер-Пахтува провинциясынын сотуна кирип бара жаткан жерден кармалган. Полиция ага ок чыгарганда денесине тагылган жардыргыч иштеп кеткен.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтува провинциясынын сот имаратынын алдындагы жардыруудан кеминде 14 киши жарадар болуп, сегизи каза тапты. Алардын экөө полиция кызматкерлери болуп чыкты деп билдирген Dawn басылмасынын сайты. 

Багдад шаарындагы жарылуулардан каза болгондордун саны 70ке жетти
Жан кечти Хайбер-Пахтува провинциясынын сотуна кирип бара жаткан жерден кармалган. Полиция ага ок чыгарганда денесине тагылган жардыргыч иштеп кеткен. 

Күбөлөрдүн айтымында, жарылуудан кийин ок атышуу болгону угулуп турду. Андан улам, жакын жердеги автоунаа жарылган. 

Окуя болгон жерге полициянын кошумча күчтөрү тартылды. Ал эми медиктер жабыркагандарды жакынкы ооруканага жеткирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0