Россиялык суучулдар муз алдындагы суу тереңдигин багындырды

© AFP / BORIS HORVATСуу алдындагы суучул. Архив
Суу алдындагы суучул. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суучулдар "Россиянын 13 деңизи" долбоорунун алкагында ак деңиздин 102 метрлик тереңдигине киришти.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Россиянын географиялык коомунун илимий изилдөө отрядынын суучулдары муз алдындагы суу тереңдигин багынтып, дүйнөлүк рекорд жасашты. 

Маалыматка ылайык, 5-мартта беш суучул ак деңиздин 102 метр тереңдигине киришкен. Алар 1,5 градус муздак суунун ичинде 80 мүнөт кармалышкан. 

Ак деңизге болгон экспедиция "Россиянын 13 деңизи" долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул Арктикага сапар алууга эң негизги даярдыктардын бири болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0