Улуу Британиянын министри: Евро биримдик өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө

© REUTERS / PAUL HACKETTУлуу Британиянын юстиция министри Майкл Гоув. Архив
Улуу Британиянын юстиция министри Майкл Гоув. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында өлкө Евро биримдиктен тышкары болуу менен жарандардын коопсуздугун мыкты деңгээлде коргой алат.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын юстиция министри Майкл Гоув Евро биримдик өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө деп жар салганын РИА Новости Sunday Times гезите таянуу менен жазып чыкты. 

"Өлкөнүн көзкарандысыздыгы менен коопсуздугу колдон колго өтүп жатат. Биз Евро биримдиктен тышкары болуу менен жарандарыбыздын коопсуздугун мыкты деңгээлде коргой алабыз", — деди министр. 

Ал Евро биримдиктин тарапташтарын "өткөн кылымдын адамдары" деп атады. 

Бул пикирди Лондондун мэри Борис Джонсон колдоп чыкты. 

"ЕБ Улуу Британиянын депортация боюнча ыйгарым укуктарын тартып алып жана терроризимге каршы чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук жаратууда", — деди мэр. 

Улуу Британия 23-июнда референдум өткөрүүнү көздөп жатат. Анда: "Бирикен Королдук Евро биримдикте калуусу керекпи, же чыгуусу дуруспу?", — деген суроо коюулат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0