Атактуу актер Армен Джигарханяндын абалы оор

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүКинонун жана театрдын актеру Армен Джигарханян. Архив
Кинонун жана театрдын актеру Армен Джигарханян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даарыгерлерлер актердун абалы оор экенин айтышууда.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кинонун жана театрдын актеру Армен Джигарханян оор абалда реаниация бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууларуу РИА Новости Склифосовский атындагы ооркананын сурап-билүү кызматына таянуу менен жазып чыкты.

Маалымат ылайык, актер ишемби күнү оор абалда реанимация бөлүмүнө келип түшкөн. 

"Учурда ал реанимация бөлүмүндө", — деп билдирет ооркананын сурап-билүү кызматы.

Атактуу актер "Здравствуйте, я Ваша тётя!" ("Саламатсыңарбы, мен силердин эжеңермин!"), "Место встречи изменить нельзя" ("Жолугушчу жерди өзгөртүүгө болбойт"), "Новые приключения неуловимых" ("Кармалбастардын жаңы окуясы") тасмаларында роль жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0