Францияда нааразы мигранттар кайрадан ооздорун тигип, нааразычылыкка чыкты

© REUTERS / Yves HermanИрандан келген бозгун оозун тигип алган.
Ирандан келген бозгун оозун тигип алган. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирандан келген тогуз бозгун оозун тигип, француз бийлигине нааразычылыгын билдирди. Окуя аталган өлкөнүн Кале деп аталган порт шаарында качкындардын лагерин сүрдүрүп салуу чечиминен кийин болду.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Ирандан келген тогуз бозгун оозун тигип, француз бийлигине нааразычылыгын билдирди. Бул Франциянын Кале деп аталган порт шаарында качкындардын лагерин сүрдүрүп салуу чечиминен кийин болду. Бул туурасында Франс Пресс маалымат агенттигине таянып РИА Новости жазды.

Чехия жарандарынын үчтөн эки бөлүгү качкындарды кабыл алууга каршы
Оозун тиккендер "Чек арасыз дарыгерлер" деп аталган эл аралык уюму жайгашкан курулуштун маңдайында чыкты. Мындай акция бир жума мурда, өткөн бейшембиде да болгон.

Дүйшөмбү күнү Франция бийлиги мигранттардын Кале шаарында чачкын түрдө жайгашкан, эл арасында "жунгли" деп аталып жүргөн лагерин түрттүрүү чечимин кабыл алган. Аталган аймактын префектурасынын маалыматтарында, лагердин түрттүрүлөт деген түштүк бөлүгүндө 800дөн 1000ге чейинки мигранттар жашайт. Ал эми түндүк тарабында учурда 3,5 миңге чукул бозгун баш пааналап турат. Лагерди түртүрүү учурунда каршылык көрсөткөнгө көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулган.

Өлкөнүн ички иштер министри Бернар Казнев өткөн аптада мигранттарды жайгаштырууга мамлекеттин бардык күчтөрү жумашалаарын айткан. Октябрдан бери качкындарды кабыл алуу боюнча расмий борбору Кале шаарына 2,7 миң мигрантты жайгаштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0