Түндүк Корея Япон деңизин карай кичи ыраактыктагы ракеталарын учурду

© REUTERS / KCNAЗапуск ракеты в КНДР
Запуск ракеты в КНДР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ракеталар өлкөнүн чыгыш аймагындагы Вонсан шаарынын жанынан учурулган. Адистер ракетага жамынып өлкөнүн аскер күчтөрү артиллериялык куралдан ок чыгарышы толук мүмкүн деген ойдо.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Түндүк Корея жарым аралдын чыгыш жээгинен Япон деңизин көздөй кичи ыраактыктагы бир нече ракета учурганын Ренхап агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Ракеталар болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 10.00дө Вонсан шаарынын жанынан учурулган. Азырынча алардын саны белгисиз. Адистер ракетага жамынып өлкөнүн аскер күчтөрү артиллериялык куралдан ок чыгарышы толук мүмкүн деген ойду четке какпайт.

Ким Чен Ын спутниктерин учурууну улантаарын айтты
Өз кезегинде Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлү Мун Сан Гюн бардык снаряддар деңизге түшкөнүн тактады. 

Түндүк Корея мындай кадамга БУУнун Коопсуздук кеңеши акыркы 20 жыл ичинде өзөктүк сыноолорду өткөргөн Пхеньянга карата курч санкциялар пакетин колдоп бергенден кийин барган. Резолюцияга ылайык аталган өлкөнү авиациялык жана ракета отуну менен камсыздоого тыюу салынып, Түндүк Кореядан чыккан жана өлкө аймагына кирген бардык жүктөр текшерүүгө алынмакчы. Мындан тышкары, документ өлкөгө көмүр, темир, алтын, титан жана сейрек кездешүүчү жаратылыш минералдарын экспорттоого тыюу салат. Муну менен бирге Түндүк Кореянын банктарына карата да финансылык санкциялар киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0