Google балдар үчүн Kiddle издөө кызматын ишке киргизди

© SputnikGoogle компаниясынын атайы балдар үчүн Kiddle издөө системасы
Google компаниясынын атайы балдар үчүн Kiddle издөө системасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызмат чоңдор контентин балдардыкынан бөлүү үчүн иштелип чыккан.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Google компаниясы атайы балдар үчүн Kiddle аттуу издөө системасын ишке киргизгенин британиялык The Independent басылмасы билдирди.

Компания интернет-технологиялардын өнүгүшү жана социалдык тармактардын кеңири жайылган кулачы балдар үчүн кооптуу болорун белгилеп, алардын контентин өзүнчө бөлүүнү чечкен.

Facebook социалдык тармагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook тармагында "лайктан" тышкары "капа болуу" жана "жинденүү" пайда болот
Издөө функциясы кадимки системадан айырмаланып турат. Алгач система балдарга арналган сайттардын тизмесин сунуштап, андан кийин издөө функциясын аткарат. Программаны иштеп чыккандар терминдерди да "электен" өткөрүшкөн.

Издөө маалында жооптор сүрөттөр жана ири тамгалар менен жазылган тексттердин коштоосунда чыгат. 

Балдар www.kiddle.co сайты аркылуу издөөнү жүргүзсө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0