Ажылыктагы тыгылыштан арылуу жолу табылды

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKМеккедеги шайтанга таш ыргытууга бараткан зыяратчылар. Архив
Меккедеги шайтанга таш ыргытууга бараткан зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зыяратчылардын агымын көзөмөлдөөчү интеллектуалдык системаны Сауд Аравиясынын окумуштуулары ойлоп тапты.

БИШКЕК, 1-мар. – Sputnik. Сауд Аравиясына барган зыяратчылар тыгылышка кабылбашы үчүн интеллектуалдык система ойлонуп табылды. Ал аркылуу ажылыкка баргандардын агымын көзөмөлгө алууга болот. Бул тууралуу Arab News порталы жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты. 

"Race системасы ажылыкка келгендердин коопсуздугун сактаганга өбөлгө түзөт. Ал шаарга жайгашкан 50 видео камеранын жардамы менен ишке ашат. Тагыраагы, зыяратчылардын агымы көзөмөлгө алынат", — деп ажылык коопсуздугун камсыздоо дирекциясынын полковниги Бадр бен Сауд билдирген. 

Кыргызстандык зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият зыяратчылардын кийимине сынак жарыялайт
Анын айтуусунда, зыяратчылардын багытын көрсөтүп туруучу система коопсуздук кызматынын кызматкерлерине элдин агымын жөнгө салып турууга жардам берет. Бул зыяратчыларга тыгылыштан жабыркоого жол бербейт. 

Мекке менен Мединага жок дегенде бир жолу барып зыярат кылуу мусулмандардын беш парзынын бири болуп эсептелет. 

Зыярат учурунда тыгылыш жаралып, анда каза тапкандар болгон. Эң чоң тыгылыш 2015-жылдын 24-сентябрында Меккедеги Мина өрөөнүндө болгон. Трагедиялуу окуядан 2 миң 200 адам ажал тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0