Кадыровго митинг менен эмес, соцтармак аркылуу колдоо көрсөтүлдү

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЧечен президенти Рамзан Кадыров. Архив
Чечен президенти Рамзан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечен республикасынын башчысы анын кызмат мөөнөтү аяктаганын билдирип, колдоо иретинде эч кандай митинг өткөрүүнүн зарылдыгы жок экенин айтты.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Социалдык тармактарда Чечен президентин колдоо максатында #Рамзаннеуходи хэштеги менен акция башталганын "Говорит Москва" радиосуна таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Бул тууралуу аталган радиого чечен жаштар союзунун төрагасы Рустам Тапаев билдирген.

Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэрлигине шайланды
Анын айтымында, президенттин митинг уюштурууга каршы пикиринен кийин акция өтпөй турган болгон. Тапаев бирок интернет айдыңында Кадыровду колдоо аракети башталып, ал күн сайын күч алып бара жатканын белгилеген. 

Кадыров республиканы жетектөө мөөнөтү аяктап жатканын белгилеп, аны колдоо иретинде эч кандай митинг өткөрүүнүн зарылдыгы жок экенин айткан.

Эскерте кетсек, Кадыровдун президенттик мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын апрель айында соңуна чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0