Билл Гейтс Зика оорусуна каршы күрөшөт

© REUTERS / Shannon StapletonMicrosoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс.
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билл Гейтстин фондусу алдыңкы окумуштууларды тартуу менен Зика вирусуна каршы күрөшүүгө белсенип жатат. Гейтстин өзүнүн айтымында, дүйнө коомчулугу Зика илдетине караганда Эбола оорусуна каршы эрте аракет көрө баштаган.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс менен анын жубайы Мелинданын Bill and Melinda Gates Foundation (B&MGF) фондусу Зика оорусуна каршы күрөш баштай турганын Рейтер агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

"Биз буга чейин Эбола менен да күрөшкөнбүз, эми Зика оорусунун кезеги келди", — деди Мелинда Гейтс өз маегинде.

Билл Гейтстин айтымында, дүйнө коомчулугу Эболага каршы эртерээк аракет көрө баштаган. Зика вирусу күтүүсүз пайда болуп, тез аранын ичинде жайылып кеткен.

"Бул трагедияны жеңиш үчүн жаңы медициналык технологиялар жардам берет. Бирок, бул биз каалагандай бир түндүн ичинде ишке ашпайт", — деди ал.

Зика вирусун тараткан чиркейлерди жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жүрөктөн үшүн алган оорулар: апыртылганы жана апкаарыткандары
Мелинда Гейтс Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жана бир катар борборлор менен биргеликте алдыңкы окумуштуулардын башын бириктирүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.

Билл жана Мелинда Гейтстердин кайрымдуулук фонду Батыш Африка өлкөлөрүндө жайылган Эбола илдетине каршы күрөшүү үчүн 50 миллион доллар бөлүп берген.

Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0