Пекинде жүздөн ашык итти касапканага сатып жүргөн топ кармалды

© REUTERS / KIM KYUNG-HOONПекинде полиция кызматкери. Архив
Пекинде полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пекинде жана Хэбей провинциясындагы үйлөргө кирген уурулар чоң иттерди уурдашкан.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Пекиндин полициясы декабрь айынан бери 100дөн ашык итти уурдап, касапканага саткан ууруларды кармаганын Синьхуа агенттиги билдирди.

Үйсүз ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лебединовкада 250 жолбун ит атылат
Топтошкон уурулар Пекинде жана Хэбей провинциясындагы үйлөргө ууруга кирип чоң иттерге "аңчылык" кылып келишкен. Алар. Негизинен тибет мастифи, ретриверди уурдап, баалуу буюмдарды да көтөрө кетип жүрүшкөн.

Уурдалган иттерди килограммын 16 юандан (2,4 доллар) сатып, 40 миң юань (6,1 миң доллар) табышкан.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери уурдалган иттерди сатып алып жүргөн эки жаранды да кармашкан.

Тибет мастифи дүйнөдөгү эң кымбат ит болуп саналат. Мисалы 2014-жылы сары түстөгү Тибет мастифинин күчүгүн курулуш фирмасынын ээси 2 миллион долларга сатып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0