Facebook өзүн өзү өлтүрүүнүн алдын алат

© REUTERS / Наталья СеливерстоваFacebook социалдык тармагы баракчасы. Архив
Facebook социалдык тармагы баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз жанын кыюуга аракет кылган адамдарга жардам берүү сунушу менен атайын билдирүү келет.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Facebook социалдык тармагы пайдалануучуларынын өзүн өзү өлтүрүүсүнөн коргоого алган жаңы кызматты ишке киргизе турганын Sky News басылмасы билдирди.

Эгер пайдалануучулар досторунун жанын кыюуга белсенген аракетин байкап калса, аларга атайын белги коюп, тармактын администрациясынын көзөмөлүндө болуусун камсыздайт. Мындай адамдарга бирөө жарым менен сүйлөшүү же психолог менен жолугушуу сунушталган билдирүү келет.

"Саламатсызбы, досуңуз сиздин кыйын кырдаалды башыңыздан өткөрүп жатканыңызды айтып, буга чейин жазгандарыңызды карап көрүүнү сунуштады", — деген билдирүү келиши мүмкүн.

Алмазбек Атамбаевдин Instagram социалдык тармагында өздүк баракчасы ачылды
Андан соң пайдалануучуга "Азыр эмне кылгыңыз келип жатат?", "Сиздин ордуңуз биз үчүн аябай маанилүү, андыктан муктаж болсоңуз биз сизге жардам берүүгө дилгирбиз", "Сиз жалгыз эмессиз. Мындай жардамды биз күн сайын көп сандаган адамдарга көрсөтөбүз", "бирөө жарым менен сүйлөшөсүзбү (досуңуз же адис менен)" деген сыяктуу билдирүүлөр келет. 

Басылма бул жаңы кызмат Улуу Британия, АКШ Австралия жана башка европа өлкөлөрүндө тартууланганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0