ЖМК: Түркия Сириядагы күрддөрдү кайтадан аткылоодо

© AFP / BULENT KILICВоеннослужащие Турции в Сирии. Архивное фото
Военнослужащие Турции в Сирии. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткылоо "Фыртына" куралынан жүрүп жатат жана Миннех аэропортундагы күрддөргө карата жасалууда.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Түркиянын куралдуу күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд күчтөрүн аткылоодо. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги билдирди.

Буга чейин Барак Обама менен Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүп, Обама Түркияны Сириянын түндүгүндөгү күрд күчтөрүн аткылоону токтотууга чакырган.

Түрк депутаты: Сириядагы согуштук соккулар кыйроого алып келет
Аткылоо Түркиянын Сириянын чек арасына жакын жайгашкан Килис провинциясында орнотулган "Фыртына" куралдарынан жүргүзүлүүдө.

Түркиянын артиллериясы Миннех авиабазасында жайгашкан күрддөрдүн коргонуу күчтөрүн бир жумадан бери аткылап келет. 

Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу бул аракетти түрк чек арасына коркунуч жараткандарга жооп катары баалап, Сириядагы күрд күчтөрүн Алеппо шаарындагы аракеттеринен баш тартууга чакырды. Бирок, Сириядагы күрддөрдүн партиясынын лидери Салих Муслим ага көнгөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0