БУУнун мурдагы баш катчысы Бутрос Бутрос-Гали каза болду

© REUTERS / Stringer/FilesБириккен Улуттар Уюмунун муруңку баш катчысы Бутрос Бутрос-Гали. Архив
Бириккен Улуттар Уюмунун муруңку баш катчысы Бутрос Бутрос-Гали. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бутрос-Гали 1992-1996-жылдары Бириккен Улуттар Уюмун башкарган. Уюмдун коопсуздук боюнча кеңеши алтынчы баш катчыны эскерди.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун муруңку баш катчысы Бутрос Бутрос-Гали 93 жашында шейшемби күнү Каирдеги ооруканада көз жумду. 

Маалыматка ылайык, Бутрос-Гали узак убакытка созулган оорудан кайтыш болду.

БУУнун коопсуздук боюнча кеңешинин жыйынында Венесуэлланын туруктуу өкүлү, коопсуздук кеңештин төрагасы Рафаэл Рамирес экс-баш катчынын өлүмү тууралу айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0