Окумуштуулар адамдардын сөөктөрүнүн көчүрмөсүн чыгаруучу 3D-принтер ойлоп табышты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык биоинженерлер 3D-принтер медициналык практикага жакынкы аралыкта колдонууга берилерин айтышты.

БИШКЕК, 17-фев. – Sputnik. Америкалык биоинженерлер 3D-биопринтерин ойлоп табышты. Аталган жабдык адамдардын сөөктөрүнүн, ткандарынын жана булчуңдарынын көчүрмөсүн тунук чыгарып бере алат. Бул тууралуу Nature Biotechnology журналы жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты. 

"Ткань менен органдардын көчүрмөсүн тунук чыгаруучу 3D-принтери адамдарга орган-тетиктерин жасоого мүмкүнчүлүк жараткан технологияны ойлоп табууга шарт түзөт. Себеби, 3D жабдуусу аркылуу имплантацияга жарактуу ткань менен органдардын так көчүрмөсүн алууга болот", — деп билдирет окумуштуу Энтони Атала. 

Маалыматка ылайык медициналык негизде жабдууну колдонууга азырынча эрте. Себеби, ага клиникалык сыноолор жүргүзүлө элек. Бирок, Атала менен анын кесиптештери жабдуу жакынкы аралыкта колдонууга берилерин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0