Америкалык генерал журналисттер менен жолугушууда эс-учун жоготуп жыгылды

© Sputnik / Денис Ворошилов / Медиабанкка өтүүАКШнын Вашингтон шаарындагы Ак-үй имараты. Архив
АКШнын Вашингтон шаарындагы Ак-үй имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат жыйын алдында Мартин өзүн начар сезип жатканын айтып, бирок ага карабастан жолугушууга барган.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Вашингтондо АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн бюджети боюнча өтүп жаткан маалымат жыйын учурунда генерал-майор Жеймс Мартин күтүүсүз эс-учун жоготуп жыгылды. Бул тууралуу Washington Times жазып чыкты.

Басылма жолугушуу алдында өзүн начар сезип жатканын айтып, бирок ага карабастан жыйынга барганын маалымдоодо.

Генерал бир нече суроого жооп берүүгө үлгүргөн. F-35 реактивдүү учагын каржылоо программасы тууралуу суроо берилгенде жыгылып кеткен. Аны АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн башчысынын орун басары Кэролайн Глисон колунан кармап калууга үлгүргөн. Генералды госпиталга алып кеткенден кийин маалымат жыйынды Глисон улантты.

Washington Times Мартин ооруканага жаткырылып, учурда абалы жакшы экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0