Сауд Аравиясы Сирияга аскер жөнөтүүгө даяр

© AFP / KHALED DESOUKIСауд Аравиясынын аскер күчтөрү. Архив
Сауд Аравиясынын аскер күчтөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечим эмки жумада Брюсселде өтө турган НАТОнун саммитинде кабыл алынышы мүмкүн экенин Коргоо министринин кеңешчиси Ахмед Асири кабарлады. Планга ылайык, Эр-Рияд Сирияга бир нече миңдеген аскер жөнөтүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри Адель аль-Жубейр Сириядагы "Ислам мамлекети" террористтик тобуна каршы күрөшүү үчүн атайын даярдыктагы аскер жөнөтүлүшү ыктымал экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости "Рейтер" агенттигине таянуу менен жазып чыкты.

Коргоо министринин кеңешчиси Ахмед Асири бейшемби күнү өлкө АКШ башында турган эл аралык коалициянын жетекчилиги менен макулдашуунун негизинде Сириядагы согуштук операцияларга катышуу үчүн аскер жөнөтүүгө даяр экенин билдирген. Анын божомолунда мындай чечим кийинки жумада Брюссель шаарында өтө турган НАТОнун саммитинде кабыл алынышы мүмкүн. 

"Учурда Сириядагы ИМге каршы аракет көрүп жаткан эл аралык коалициянын операцияларына катышуу үчүн Сауд Аравия падышачылыгы аскер жөнөтүүгө даяр", — деди аль-Жубейр АКШнын мамлекттик катчысы Жон Керри менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. 

Ал эми Британиянын Guardian гезити сауд булактарына таянып падышачылык Сирияга бир нече миңдеген аскер жөнөтүүгө даяр экенин жазып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0