ЖМК: Зимбабвенин жашоочуларын президенттин туулган күнүнө акча чогултууга мажбурлашууда

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүЗимбабвенин президенти Роберт Мугабе. Архив
Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акча чогултпаган жарандар куугунтукка алынып жатканын укук коргоочулар айтып чыкты. Бирок бул маалыматты бийликтеги партия четке кагууда.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Зимбабвенин укук коргоочулары өлкөнүн бийликтеги партиясы айыл жашоочуларынан 21-февралда белгилене турган президенттин туулган күнүн өткөрүүгө акча жыйнап жатканын айтып чыгышты. Бул тууралуу News24 агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Cotrad укук коргоо тобу Zanu-PF партиясынын активисттери ар бир үйдөн бир доллардан, ал эми мамлекеттик кызматкерлерден үч доллар чогултуп жатканын жар салышты. Партия беш миң адамды батырган стадиондо президенттин туулган күнүн шаан-шөкөттүү өткөрүү үчүн 800 миң доллар чогултууну максаттоодо.

"Кымбат отурушка акча жетпей, партиянын чиновниктери элди ушинтип карактаганга өттү", — дейт топ.

Путин өзүнүн 63-туулган күнүн Түнкү хоккей лигасынын катышуучулары менен өткөрөт
Укук коргоочулар акча берүүдөн баш тарткан тургундар куугунтукка алынып жатканын белгилейт.

Өз кезегинде партиянын жаштар канатынын катчысы Пупурай Тогарепи Zanu-PF элет жашоочуларынын турмушу абдан оор экенин билгендиктен мындай ыкмаларды колдонбой турганын билдирди. Анын айтымында, партия акчанын бар-жогуна карабай президенттин туулган күнүн өткөрөт.

Роберт Мугабе дүйнөдөгү эң кары мамлекет башчысы болуп саналат. Жаш курагына карабай саясаттан кетүү боюнча азыр ою жок. Ал декабрь айында кайрадан Zanu-PF партиясынын жетекчилигине шайланып, 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер болууда. Учурда Мугабе 92 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0