АКШнын беш жаранына Россияга кирүүгө тыюу салынды

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин АКШнын бийлиги "Магнитскийдин тизмесин" кеңейтип, ал тизмеге дагы беш кишини кошкон. Жооп катары Россиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын укук коргоо органдарында иштеген беш кишинин Россияга келүүсүнө тыюу салды.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын беш кишисине өлкөгө кирүүгө тыюу салганын РИА Новости билдирди.

Аталган министрлик өз билдирүүсүндө АКШ 21-кылымда орто кылымда колдонулганын кыйноолорду расмий түрдө мыйзамдаштырып, аны активдүү колдонуп келе жатат деп белгилейт.

Пентагон Россиянын учагы Түркиянын аба чек арасын бузганын жар салды
Ошондой эле, Вашингтондун аракеттерине жооп катары Американын укук коргоо системасында иштеген беш өкүлүнө Россияга кирүүгө тыюу салынат деп жазылат министрлик тараткан билдирүүдө.

Бул "кара тизмеге" киргендер – АКШнын мурдагы юстиция министри Альберто Гонсалес, АКШнын коргоо министринин саясый маселелер боюнча мурдагы орун басары Дуглас Фейт, Борбордук чалгындоо кызматынын мурдагы юрисконсульту Жон Риццо, АКШнын юстиция министринин мурдагы орун басары Жей Байби жана АКШнын коргоо Министрлигинин мурдагы башкы юристконсульту Уильям Хейнс.

Жаңылыктар түрмөгү
0