Интернеттеги миллиарддар — Google баасы жана WhatsApp пайдалануучуларынын саны

© AFP / GEORGES GOBETGoogle компаниясынын логотиби. Архив
Google компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Google дүйнөдөгү эң кымбат компания аталса, ал эми Facebook компаниясынын билдирүүлөрүн адамзаттын дээрлик үчтөн бир бөлүгү пайдаланат.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Былтыркы жылдын акыркы кварталында Alphabet компаниясынын таза кирешеси 200 миллион долларга көбөйсө, WhatsApp пайдалануучуларынын саны миллиарддан ашты. 

"Учурда бир миллиард адам WhatsApp тиркемесин колдонот. Дүйнөдө миллиарддан ашуун адамдын башын бириктирген бир нече эле сервис бар", — деп жазат Цукерберг Facebook тармагына.

Ал эми Facebook тармагынын өзүнүн пайдалануучулары ноябрда 1,5 миллиард адамдан ашкан. WhatsApp тиркемесине да дүйнөдөгү эң ири Facebook социалдык тармагы ээлик кылат.

Демек, Facebook компаниясынын жалпы пайдалануучуларынын саны 2,5 миллиарддан ашат. Ал эми акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө 7 миллиард адам жашайт.

Буга чейин Wall Street Journal компаниянын башкы директору Ян Кумга таянуу менен WhatsApp мобилдүү тиркемеси акысыз болуп, катталуу үчүн 0,99 доллар алуусун токтото турганын билдирген. 

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бразилиянын соту операторлорго WhatsApp каналын 48 саатка жабууну милдеттендирди
2015-жылдын жыйынтыгы менен Google дүйнөдөгү эң кымбат компания болуп калганын Би-Би-Си жазып чыкты. Ал буга чейин биринчи орунда турган Apple компаниясын өзүнүн кирешесин жарыялагандан кийин сүрүп чыкты. 

Alphabet компаниясынын таза кирешеси былтыркы жылдын акыркы кварталында жылына 200 миллион долларга көбөйүп, 4,9 миллиард долларга жеткен. Компаниянын акциялары отчет жарыялангандан кийин 9 пайызга жогорулап кеткен. 

Аталган компаниянын жалпы наркы 568 миллиард долларды түзөт. Ал эми экинчи орундагы Apple компаниясы 535 миллиард долларга бааланган.

Google издөө системасы менен бирге, Android жана YouTube 2015-жылдын 2-октябрынан тарта Alphabet холдингисинин курамына кирген. Компания Google Life Sciences, Calico, Sidewalk Labs, Nest, Google Ventures, Google Capital жана Google X уюмдарына ээлик кылат. Google компаниясынын негиздөөчүлөрү Ларри Пейдж менен Сергей Брин Alphabet холдингисинин башкы директор жана президенттик кызматын ээлешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0