Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги "Левитандай сүйлөйбүз" радиосынагын жарыялайт

© Sputnik / Василий Малышев / Медиабанкка өтүүЛегендарлуу алып баруучу Юрий Левитан. Архив
Легендарлуу алып баруучу Юрий Левитан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурстун лауреаттарын калыстар тобу 2016-жылдын 5-майында жарыяламакчы. Сыйлыктарды тапшыруу аземи ушул эле жылдын 24-июнунда Москвада "Тарых жаңылыктардан башталат" эл аралык медиафорумунун алкагында өтөт.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. "Россия сегодня" Эл аралык маалымат агенттиги "Совинформбюронун" 75 жылдыгына карата радиоберүү тармагы боюнча "Левитандай сүйлөйбүз" аттуу эл аралык сынак жарыялайт. 

Европалык жана Азиялык ЖМКлардын сегизинчи форуму алдыңкы медиаэксперттердин башын кошот
Маалыматка ылайык, сынакка Россиянын, КМШ жана Балтика аймактарындагы радиоканалдардын алып баруучулары менен кабарчылары катыша алат. Арыздар 2016-жылдын 1-февралынан 15-апрелине чейин кабыл алынмакчы.

"Левитандай сүйлөйбүз" радиосынагы өз кесиптик жолун жаңы баштаган радиожурналисттерге колдоо көрсөтүп, улуу муундун каада-салты жаштарга калышын камсыздоо менен аталган тармакта кесипкөй кадрлардын калыптанышына көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. 

Калыстар тобунун төрагасы, журналист жана радио алып баруучу, берүүнүн ардагери Леонид Сигандын айтымында, сынак катышуучулары Левитанды кайталабастан, өз жөндөмүн, жеке бөтөнчөлүктөрүн көрсөтүшү керек

"Ошол кезде микрофондун алдында туруп ушул маалыматты ал кандай окуп берер эле? Ошону көрсөтүү керек, тууроо эмес, интерпретация талап кылынат. Левитандын үнүндө бүтүндөй оркестр угулуп, анын Мекенге жана адамдарга болгон мамилеси сезилип турчу. Орус тилинде эң маанилүү жаңылыктарды ал гана окучу. Адамдар дайыма коркунуч алдында турганда, күйөөлөр, уулдар, аталар фронтто согушуп жаткан учурда — биздин жаңылыкты абдан күтүшчү. Сөздүн укмуштуудай күчүн жана аны берүүнүн маанисин эмне менен салыштырууга болорун мен билбейм", — деди ал.

Сынакка катышуу үчүн арызды толтуруп, 1945-жылдын жазында Юрий Левитан окуган "Советтик маалымат бюросунан" тарыхый хроникалардын бирин катышуучунун окуусунда жаздыруу керек. Тарыхый хроникалардын тексттери 9may.ru сайтынын "От Советского информбюро" бөлүмүндө жарыяланган. Конкурстук ишти Уюштуруу комитетине levitan@rian.ru дареги боюнча жиберүү зарыл.

Эксперттик топтун жетекчиси, "Россия сегодня" ЭМАнын орус тилде берүү дирекциясынын башчысы Алексей Орлов сынакта мыктыларды тандоо кылдан жүргүзүлөрүн белгилейт.

"Биз Россияда жана анын чегинен тышкары чыныгы кесипкөйлөр көп экенин көрсөткүбүз келет. Бардык келип түшкөн жазууларды эксперттик топ кылдат угуп, талдап чыгат. Мыктылардын мыктысы шорт-листке кирет. Жөндөмдүү жана кесипкөйлөр эч көз жаздымда калбайт", — деди Орлов.

Курамына Россиянын радио берүү индустриясынын, ЖМКларынын алдыңкы өкүлдөрү, искусство ишмерлери, медиаэксперттер кирген сынактын калыстар тобу лауреаттарды аныктайт. Конкурстун жеңүүчүсүнө диплом, эстелик статуэткасы жана 50 миң рубль акчалай сыйлык берилет. Конкурстун башка сыйлык ээлерине да диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылат. Сынактын байге фонду экинчи жана үчүнчү орунду ээлегендер үчүн 30 жана 20 миң рубду түзөт.

Sputnik Кыргызстан жана Beeline өлкөдөгү журналисттер үчүн окутуу өткөрдү
Конкурстун лауреаттарын калыстар тобу 2016-жылдын 5-майында жарыяламакчы. Сыйлыктарды тапшыруу аземи ушул эле жылдын 24-июнунда Москвада "Тарых жаңылыктардан башталат" эл аралык медиафорумунун алкагында өтөт.

"Левитандай сүйлөйбүз" аттуу эл аралык радио сынагы жөнүндо толук маалымат жана иш-чаранын жобосун ria.ru/75 сайтынын Советтик маалымат бюросунун 75 жылдыгына арналган атайын бөлүгүнөн тапса болот.

"Россия сегодня" ЭМА — дүйнөдөгү окуяларды ыкчам, салмактуу жана объективдүү чагылдырып, башкы окуяларга карата түрдүү көз караштар жөнүндө маалымат берип турууну башкы милдети катары көргөн эл аралык медиатоп. "Россия сегодня" ЭМА маалымат ресурстарынын катарын РИА Новости, Р-Спорт, РИА Недвижимость, РИА Рейтинг, ИноСМИ агенттиктери түзөт. "Россия сегодня" россиялык ЖМКлар арасында өзүнө шилтеме жасоолор жагынан алдыда туруп, өз брендине чет өлкөлөрдө таянууларды өстүрүүдө. Агенттик ошондой эле россиялык социалдык тармактарда жана блог тармагында да өзүнө шилтеме жасоолор жагынан алдыда келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0