БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик тобу түйүнгө 2015-жылдын ноябрь айында Париждеги терактыларды уюштурууга катышкан согушкерлердин барымтага алынган жарандардын өлтүрүп жатканы түшүрүлгөн видео жайгаштырганын The Telegraph басылмасына таянуу менен РИА Новости билдирди.
#ISIS Released a video shows the last words for the #ParisAttacks Executors #Syria #ISIL #Raqqa pic.twitter.com/x0PgOz6sOJ #Paris #security
— Int Intelligence (@IntIntelligence) 24 января 2016
Ролик каргашалуу окуяларга чейин тартылып, бирок ушул жекшемби күнү гана жарыкка чыккан.
Басылманын маалыматы боюнча видеодо окуянын уюштуруучулары болгон Билаль Хадфи менен Абу аль-Киталь Фаранси тартылган.
"Душмандардын катарында тургандардын баары биздин кылычтын курмандыгы болот", — деген террорчулардын сөзүн The Telegraph басылмасы келтирет.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Парижде бир нече террористтик аракеттер жасалып, белгисиз адамдар ресторандардын биринде ок чыгарган. Ал эми Франция менен Германиянын футбол боюнча топтору ойноп жаткан "Стад де Франс" стадионуна жакын жерде үч жардыруу болгон. Оюнду көрүүчүлөрдүн арасында француз президенти Франсуа Олланд бар болчу. Андан тышкары, рок-концерт жүрүп жаткан "Батаклан" театрында эл барымтага алынган.
Натыйжада террорчулардын колунан кзаа тапкандардын саны 132 адамга жеткен.