Пекинде жашагандардын санына чектөө киргизилет

© REUTERS / CHINA DAILYПекиндеги жумушчу. Архив
Пекиндеги жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар жетекчилиги мегаполистин тургундарын шаардын чеке-белине көчүрүүнү пландап жатат. Быйыл шаар тургундарынын санын 22 миллион кишинин деңгээлинен ашырбоо каралууда.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кытайдын борбор калаасынын жетекчилиги 2020-жылга карата Пекиндин жашоочуларынын саны 23 миллион кишиден ашпайт деп болжошууда.

Кытайда издөөгө алынгандардын сүрөтү покер карталарына чыгарылды
Былтыр Пекиндин мэри Ван Аньшунь шаар бийлиги жашоочулардын санын чектөө боюнча аракеттерди жасарын билдирген.

Синьхуа маалымат агенттиги шаар мэрине таянып билдиргени боюнча муниципалитет тургундарды шаардын чеке-белине көчүрөт. Агенттиктин билдиришинче шаар бийлиги мындай кадамга ресурстарды максималдуу пайдалануу өзгөчө сууну туура бөлүштүрүү үчүн жасап жатат.

2015-жылы Пекинде туруктуу жашагандардын саны 21,7 миллион кишиге жеткен. Быйыл анын деңгээли 22 миллиондун айланасында болот деп эсептелүүдө.

Андан сырткары 2016-жылы шаар бийлиги 300дөй өндүрүш компаниясын шаардын сыртына алып чыгууну пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0