Кар бороону Япониядагы жүздөгөн аба рейстерин токтотууга мажбур кылды

© AFP / YOSHIKAZU TSUNOТокио шаарынын жашоочулары. Архив
Токио шаарынын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн чыгыш өлкөсүндө тынымсыз жааган кар эртеңкиге чейин токтобой тургандыгын синоптиктер маалымдады. Бир суткада бул аймакка 1 метрге чейин кар түшөт деп болжолдоп жатат.

БИШКЕК, 24-янв — Sputnik. Япониялык авиакомпаниялар калың түшкөн кар менен борошодон улам өлкөнүн түштүк-батыш аймагына уча турган 166 рейсти токтотту.

Жети авиакомпания бул туурасында бүгүн эртең менен маалымдады. Кар сейрек себелеген түштүк тараптагы Кюсю аралы менен Нагасаки шаарына эртең менен 8 сантиметр кар түшкөн. Ал эми Кагосима калаасына 4 см. жааган. Ал эми Хиросима аралынын батышындагы Хонсю префектурасында 35 см. кар жаткандыгын кабарлашты.

Синоптиктер кар дүйшөмбүгө чейин жаай тургандыгын билдиришти. Бир суткада бул аймакка 1 метрге чейин кар түшөт деп болжолдоп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0