Sputnik Гарвард эксперттеринин баамында алдыңкы маалымат каражаттарынын катарына кирди

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүү"Спутник" бренди. Архив
Спутник бренди. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер Sputnik агенттигинин өзөктүк электр станциялардагы киберкоопсуздук, терроризм менен күрөшүү жана Сириядагы "Ислам мамлекети" согушкерлери тууралуу Россия менен АКШ ортосундагы маалымат алмашуу боюнча материалдарын тандап алган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Sputnik Эл аралык агенттиги жана радиосу өзөктүк энергетика, коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча алдыңкы маалымат булактарынын катарына кирген.

Sputnik агенттигинин материалдары Гарвард университетинин илим жана эл аралык мамилелер боюнча Белфер борбору тарабынан чыгарылган өзөктүк терроризмдин алдын алуу боюнча россия-америкалык демилгенин атынан жаңылыктар түрмөгүнө киргизилген.

Кубанычтан жана сүйүнүүдөн чыккан көз жаш – балдардын кыялдары орундатылды
Борбордун эл аралык коопсуздук, илим жана технология боюнча иш алып барган эксперттери Sputnik агенттигинин материалдарын түрмөккө Associated Press, Bloomberg, Reuters, The New York Times, The Wall Street Journal жана башка басылмалар менен бирге киргизген.

Анда өзөктүк терроризмдин алдын алуу боюнча россия-америкалык демилгенин ишмердүүлүгүнө байланыштуу 2016-жылдын 4-15-январында жарык көргөн материалдар сунушталган. Бул макалалар өзөктүк электр станцияларындагы киберкоопсуздук, Иранга россиялык С-300 системалардын жеткирилиши жана Сириядагы "Ислам мамлекети" согушкерлери тууралуу Россия менен АКШнын ортосундагы маалымат алмашууга арналган.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik өз окурмандарына маалыматтарды күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0