Террорчулар Испанияга кайрадан сөөмөй кезеди

© REUTERS / STRINGER"Ислам мамлекетинин" террорчулары желек менен. Архив
Ислам мамлекетинин террорчулары желек менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекетинин" террорчулары Европага эскертүүсүн видео түрүндө түрүндө жолдоду, анда Испаниянын картасы акырындык менен кызыл түскө боёлуп жаткандыгын көрүүгө болот. Буга чейин алар Мадридде терактыларды жасайбыз деген билдирүүлөрүн тараткан.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. "Ислам мамлекетинин" террорчулары Испаниянын дарегине жаңы коркутулууларын жолдоду. 

Обама АКШнын аскер күчтөрүнө Афганистандагы "Ислам мамлекетин" бомбалоого уруксат берди
Исламисттер интернетке алты мүнөттүк видео жайгаштырган. Алардын Европага кайрадан сөөмөй кезеп, анын ичинен Испанияга көбүрөөк көңүл бургандыгын көрүүгө болот. Видеодо аталган өлкөнүн картасы акырындык менен кызыл түскө боёлуп отурат деп Europa Press агенттиги билдиргенин РИА Новости жазды.

Бул террорчулардын Испанияны биринчи ирет коркутуусу эмес. Бир нече күн мурда алар Испаниянын Түндүк Африкадагы Сеута жана Мелилья анклавдарын басып аларын айтып, чамынышкан. Январдын башында "Ислам Магри Аль-Каида" террордук уюму Неаполь, Рим жана Мадриде кезектеги жардырууларды уюштурабыз деп жар салган.

Акыркы жылдары Испаниядан 130га чукул адам радикалдык багыттагыларга кошулуу үчүн Африка жана Азия өлкөлөрүнө чыгып кеткен. 2015-жылы Испания террорчулукка тиешеси бар деген шек менен 100 адамды кармаган. 

"Ислам мамлекети" уюму дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири бул жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0