Молдованын оппозициясы парламентти басып алууга аракеттенди

© REUTERS / STRINGERМитингдин катышуучулары Молдованын парламент имаратынын алдында.
Митингдин катышуучулары Молдованын парламент имаратынын алдында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Молдовадагы оппозициянын жаңы өкмөткө болгон каршылыгы баш аламандыкка айланып, 15 киши жабыркады. Анын көбүнчөсү — полиция кызматкерлери.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Шаршемби күнү Кишиневдо оппозициянын массалык нааразылыгы башталып, баш аламандыкка айланганын Sputnik Молдова жазып чыкты.

Оппозиция башында демократ Павел Филип турган өкмөттүн бекитилишине каршы чыгууда. Полиция каршылык акциялары башталгандан тарта парламентти коргоого алган. Имаратка кире бериштин биринен митингчилер полиция кызматкерлерин түртүп чыгара баштаган.

ИИМ чет өлкөдөн каржыланган митингдерге тыюу салууга ниеттенет
Күч түзүмдөрү Молдованын Румыния менен биригүү үчүн жан үрөгөн DA ("Ар намыс жана акыйкат") кыймылынын тарапташтарын араңдан зорго кармап турушканы айтылат. Каршылык акциясына чыккандар полиция кызматкерлеринин башына кийген темир каскаларын, калкандарын тартып алып жатышты.

Парламенттин жанында болгон митинг учурунда 15 кишинин жабыркаганын Sputnik Молдова агенттигине "Тез жардам" борборунун бөлүм башчысы Игорь Куров билдирген.

"Акыркы маалыматтар боюнча ооруканага тез жардам менен 15 адам алып келинген, анын тогузу — полиция кызматкери болсо, алтоо — жөнөкөй жарандар. Алар негизинен орто даражадагы жарааттарды алышкан", — деди Куров.

Орто оңчулдар активисттеринин бири Кирилл Моцпандын башы жарылганы айтылууда. Каршылык көрсөткөндөр Либералдык партиянын төрагасы Митхай Гипти да жарадар кылышкан.

Молдова Республикасынын социалисттер партиясы жана "Биздин партия" уюмдарынын лидерлери митинг бейшемби күнү да улана турганын билдиришти.

"Филиптин өкмөтү ант берип, президент тийиштүү буйрукка кол койгону эч нерсе өзгөртө албайт. Бул мыйзамсыз өкмөт жана мыйзамсыз парламенттик көпчүлүк. Бейшемби күнү саат 10.00дө каршылык көрсөтүүгө чыгабыз. Саныбыз 100 миңге жетет, биз аларды моюн сунууга мажбур кылабыз", — деди оппозиция лидери Додон.

"Биздин партия" уюмунун лидери Ренато Усатый каршылык акциялары митингчилердин парламентти таркатуу жана мөөнөтсүз шайлоо дайындоо тууралуу талабы аткарылмайынча улана берерин айтып, тынчтык акцияларын колдой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0