Пакистанда үч жылдан бери YouTube каналына салынган тыюу жоюлду

© flickr.com / RegoYoutube порталынын логотиби. Архив
Youtube порталынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми пакистандыктар бул каналдын атайын иргелген локалдык версиясын колдоно алышат.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Пакистандын бийлиги өлкө тургундарына эң популярдуу YouTube видеохостингин колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттигине таянуу менен билдирди.

Фейсбук социалдык таргмагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Телефон номер аркылуу таап алган" Facebook кыргызстандыктарды кооптондурат
Пакистандыктарга буга үч жыл бою тыюу салынып келген. 2012-жылы сентябрда Пакистандын соту YouTube видеохостингин "Күнөөсүз мусулмандар" тасмасынын трейлери чыккандан кийин буул салышкан. Аталган тасманын чыгышы менен Американын мусулман өлкөлөрүндөгү элчиликтери чабуулга алынган. 

Эми пакистандыктар бул каналдын атайын иргелген версиясын колдоно алышат. Ага ылайык, керектүү эмес делген контенттер өчүрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0