"Ислам мамлекети" согушкерлердин маянасын эки эсеге кыскартты

© AFP / MARWAN IBRAHIM"Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги. Архив
Ислам мамлекети террордук уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террордук уюмдун каржы органы чыгарган буйрук согушкерлердин бардыгына тиешелүү. Ээлеген кызматка жараша артыкчылык берилбейт.

БИШКЕК, 18-янв. – Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюму жаңы буйрук чыгарды. Анда согушкерлердин айлык маянасы эки эсеге кыскартылганы айтылат. Бул тууралуу британиялык The Independent гезити жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты.

Маяна боюнча буйруктун документи Сириядагы Ракка шаарында жайгашкан террордук уюмдун каржы органы тарабынан чыгарылган.

"Буйрук бардык согушкерлерге тиешелүү. Ээлеген кызматына жараша артыкчылык берилбейт",— деп жазылган буйрукта. 

Sputnik Arabic: Сирияда аялдар "Ислам мамлекетине" каршы эркектерден кем калбай согушат
Россия 30-сентябрдан тарта президент Башар Асаддын өтүнүчү менен Сириядагы "Ислам мамлекети", "Жебхат ан-Нусра" террордук уюмдарынын объектилерине каршы аба соккуларын баштаган. Бул убакыт аралыгында Россиянын аба космостук күчтөрү Каспийдеги жана Ростов-на-Дону шаарындагы Черноморск флотунун суу астында жүрүүчү кемелеринин жардамы менен сокку урду. Жыйынтыгында, жүздөгөн согушкерлер менен аларга тиешелүү объектилер талкаланган. 

Террордук уюмга каршы соккулар АКШ башында турган коалиция тарабынан да жүргүзүлүп жатат. Коалициянын курамында 65 мамлекет бар. Бирок, бул иштер Сириянын бийлигинин уруксаты жок жүргүзүлүүдө. Ал эми Россия бомбалоону Сирия бийлигинин суранычы боюнча аткарып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0