Путин: Россия экономикасы бара-бара турукташып өнүгүү жолуна түшөт

Жазылуу
Россия президенти өлкө экономикасын турукташтыруу үчүн бир катар чаралар көрүлгөнүн, анын ичинде импорт товарларын алмаштыруучу программа кабыл алынганын белгиледи.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Россия экономикасы бара-бара турукташып, өнүгүү жолуна түшө турганын президент Владимир Путин германиялык Bild басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийлик бул үчүн бир катар чараларды көрүп, импорт товарларын алмаштыруучу программа кабыл алган. Президент учурда өлкөнүн ИДП 3,8 пайызга, өнөр жай өндүрүшү 3,3 пайызга төмөндөп, ал эми инфляция 12,7 пайызга жогорулап кеткенин эскертти.

"Бул, албетте, көп, бирок бизде тышкы соода жаатында туруктуулук байкалууда. Тарыхта биринчи жолу наркы кыйла жогорулатылган экспорттун көлөмү көбөйдү. Бул сөз жок жакшы көрүнүш", — деди өлкө башчы.

Путин өз сөзүндө Борбордук банктын алтын жана валюта резерви тууралуу эске салды. 

"Башкы банкта болжол менен 340 миллиард алтын жана валюта резерви бар. Азыр жаңылып калышым мүмкүн. Бирок 300дөн жогору экенин так айта алам", — деди президент.

Өлкө башчы өкмөттүн 70 жана 80 миллиард доллар каралган эки резервдик фонду бар экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0