Египетте жаңы парламент алгачкы отурумун ант берүү баштады

© AFP / KHALED DESOUKIКаир шаарындагы парламенттин имараты. Архив
Каир шаарындагы парламенттин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп, Баш мыйзамда айтылгандарды сактоого 596 депутат ант берет. Буга төрт саат убакыт сарпталмакчы.

БИШКЕК, 10-янв. —Sputnik. Египеттин жаңы парламентинин техникалык биринчи отуруму жекшемби күнгө белгиленген. Палата өкүлдөрү ишин ант берүү менен баштады. Отурумду улуттук телеканал түз алып берүүдө. Депутаттар кезеги менен жазылган кыска текстти окуп, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп, Баш мыйзамда айтылгандарды сактоого убада кылды.

Эсептей келгенде ар бир парламентарийге 25 секунд убакыт бөлүнгөн. 596 эл өкүлү ант берип бүткүчө, жалпысынан, төрт сааттан ашык убакыт сарпталат. Андын сырткары парламенттин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо иши турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0