ЖМК: дүйнөнүн эң бай адамдары бир жумада 194 миллиард долларынан кол жуушту

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБиржа кызматкери жумуш учурунда. Архив
Биржа кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкерлердин байлыгы Кытай экономикасынын чабалдыгынан, нефтинин баасынын төмөндөшүнөн жана американын ири фондулук биржасынын кыйрашынан улам бир кыйла азайды деп жазат Bloomberg Business басылмасы.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Bloomberg агенттигинин миллиардерлердин индекси көрсөткүчүнө ылайык, дүйнөнүн эң бай деген 400 кишиси 2016-жылдын алгачкы жумасында 194 миллиардга жакын долларынан кол жуушту.

Кийим саттуучу магазин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда товарлар жана тейлөө кызматы сом менен бааланат
Bloomberg Business белгилегендей ишкерлер өз байлыгынан Кытай экономикасынын чабалдыгынан, нефтинин баасынын төмөндөшүнөн жана американын ири фондулук биржасынын кыйрашынан улам ажырашкан.

Көп жылдардан бери эң бай адамдардын көч башында келген Билл Гейтс 4,5 миллиард долларын (байлыгынын 5,4 пайызы) жоготкон. Ал эми Inditex компаниясынын негиздөөчүсү Амансио Ортега 3,4 миллиард долларынан (байлыгынын 4,7 пайызынан) кол жууган. Ири телекоммуникациялык магнат мексикалык ишкер Карлос Слим байлыгынын 10,8 пайызынан айрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0