Путин Италиянын премьери менен эл аралык терроризмге каршы күрөшүүнү талкуулады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин менен Италиянын премьер-министри Маттео Ренци. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин менен Италиянын премьер-министри Маттео Ренци. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин менен Италиянын премьер-министри Маттео Ренци телефон менен болгон сүйлөшүү учурунда Сириядагы жаңжалды, Сауд Аравия менен Ирандын мамилесин талкуулашты.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Владимир Путин менен Маттео Ренци телефон менен болгон сүйлөшүү учурунда эл аралык терроризм менен күрөшүү, өзгөчө Сириядагы абалды талкуулаганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Бул сүйлөшүү маалында Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу, Сауд Аравиясы менен Ирандын мамилеси да талкууланды. Ошондой эле, эл аралык терроризм менен күрөшүүнүн маанилүүлүгү да көңүл сыртында калган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0