"Ислам мамлекетинин" учактарды атып түшүрүүчү ракетаны жасоо мүмкүнчүлүгү пайда болду

© REUTERS / STRINGER"Ислам мамлекети" террористтик тобунун желегин кармаган согушкер. Архив
Ислам мамлекети террористтик тобунун желегин кармаган согушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекетинин" террорчуларынын башка өлкөлөр тарабынан жарактан чыкты деп ташталган "жер-аба" тибиндеги ракеталардын жасалма аккумуляторун түзүп чыккандыгы айтылууда.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлеринде жүргүнчүлөрдү ташыган жана аскерий учактарын атып түшүрүүгө жөндөмдүү куралдар пайда боло баштады. Андан сырткары миналанган автоунааларды аралыктан туруп башкарган каражаттары бар экендиги айтылууда деп жазды Sky News телеканалы. 

Телеканалдын маалыматында, Ракка шаарында террордук уюмга иштеп жаткан окумуштуулар жана аскерий эксперттер тобу "жер-аба" тибиндеги ракеталардын жасалма аккумуляторун түзүп чыккан. Булардын жардамы менен ракеталардын согуштук бөлүгүн абада учуп бара жаткан объектини өзү таап, бутага ала тургудай абалга келтирет. 

Ислам мамлекети террордук уюмунун мүчөсү желектин жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекети" Кэмеронго беш кишини өлтүрүп, эскертүү жиберди
Телеканалдын колундагы видеожазууда батыш өлкөлөрү жараксыз деп таштап салган жүздөгөн ракетеларды согушкерлер кайрадан ишке киргизүүгө боло тургандыгын көрсөтүп жаткандыгы берилген. Объектини өзү таап, бутага ала турган жабдуу жүргүнчүлөрдү ташыган жана аскерий учактарды атып түшүрүүгө жөндөмдүү экендиги жана ал 99 пайызга таамай тиери айтылат.

Эксперттерге таянып, Independent гезити террорук топтор мындай куралдарга мурда эле ээ болгондугун жазды. Басылманын маалыматында, аларды сактап жана кайрадан ишке киргизүү татаалдыгын, ал эми пайдалануу үчүн илимий ресурстар зарылдыгы жаралгандыгын кошо билдирген. 

Мындан сырткары видеодо миналанган автоунааларды аралыктан жардырып сынап жаткандары көрсөтүлгөн. Рулга желимден жасалган кишинин манкенин отургузуп коюшкан. 

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири болуп калууда. Үч жыл ичинде террористтер Ирак менен Сириянын көпчүлүк жерлерин басып алышкан. Алар эми өз таасирин Ливияда жайылтуу аракетин көрүп жатат. Террорчулар басып алган жерлердин жалпы аянты 90 миң чарчы чакырымга жетет. Экстремисттик топтун катарындагылардын саны ар кандай маалыматтар боюнча 50 миңден 200 миңге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0