БУУ Сауд Аравия менен Иранды элдешүүгө чакырды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБУУнун Нью-Йорктогу имараты. Архив
БУУнун Нью-Йорктогу имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандагы Сауд Аравиясынын дипломатиялык жана консулдук имараттарына болгон чабуулдук аракеттерди сынга алып, эки мамлекетти сабырдуулукка чакырды.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандагы Сауд Аравиянын элчилиги жана консулдугуна кол салууларды кескин сынга алып, эки өлкөнү элдешүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Өткөн ишемби күнү Сауд Аравиясынын Ички иштер министрлиги шийит диний үгүтчүсү Нимр ан-Нимр менен кошо 46 адамдын өлүм жазасына тартылганын жар салган. Тегеран үгүтчүнүн өлтүрүлүшүн катуу сынга алып, Иранда бир катар нааразылык акциялар өткөн. Жай тургундардын чабуулуна Сауд Аравиянын Тегеран жана Мешхед шаарларындагы дипломатиялык мекемелери туш болгон. Мындан улам сауд Тышкы иштер министрлиги Иран менен дипломатиялык мамилени үзгөнү тууралуу расмий билдирүү тараткан.

Саясат таануучу: ирандыктар аравиялыктарга караганда согушууга маш келет
Уюмдун тараткан билдирүүсүндө аталган мекемелерге чабуулдар бир топ зыян алып келгени айтылат. БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Сауд Аравиясы менен Иранды ымалага келип, аймактагы абалдын чыңалуусун басаңдатууга үндөдү. 

Кеңеш өз билдирүүсүндө дипломатиялык жана консулдук мекемелердин кол тийбестик принциптерин баса белгилеп, аларды коргоо боюнча Вена конвенциясына ылайык элчилик жана консулдуктар жайгашкан өлкөнүн милдеттемелерин эске салды.

Ал арада Эр-Рияд Тегеран менен болгон мамилесин калыбына келтирүүгө даяр экенин, бирок бул үчүн Иран "башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишүүсүн токтотушу керек" экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0