Түштүк Корея бийлиги Түндүк Корея менен коюн-колтук алышууга шашылбай турат

© flickr.com / Republic of KoreaТүштүк Кореянын желеги. Архив
Түштүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сеул Түндүк Корея лидеринин чакырыгына көңүл бурганы менен алар биригүү боюнча Пхеньяндан өз ара ишенимди жаратууга биргелешкен аракетти күтүп жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Түштүк Корея Түндүн Корея лидери Ким Чен Ындын кандаш элдер арасындагы мамилени жакшыртуу чакырыгына көңүл бурганы менен, Пхеньян менен сүйлөшүүлөр боюнча конкретүү демилгелерди карай элек. Бул туурасында Сеул шаарында Түштүк Кореянын улуттук биримдик иштери боюнча министри Чон Чжун Хи журналисттерге билдирди.

ЖМК: Эки Кореянын ортосундагы кризистен улам, АКШ рекорддук суммадагы курал-жарак сатты
Рёнхап маалымат агенттигинин Түндүк Корея менен диалогго келүү демилгеси каралап жатабы же жокпу деген суроосуна, ал "азырынча бул маселени караган жокпуз" деген жообун айтты.

Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуусунда 1-январдан тарта Түштүк Корея менен мамилелерди жакшыртуу максатындагы диалогго даяр экендигин жар салган. 

Түштүк Кореянын өкмөтүнүн өкүлүнүн айтымында, Сеул бул чакырыкка көңүл бурган. Анткени менен алар биригүү боюнча Пхеньяндан өз ара ишенимди жаратууга биргелешкен аракетти күтүп жаткандыгын айтышты.

"Өкмөттүн тынчтык жолу менен биригүүгө кадам таштап, Түндүк менен Түштүктүн дарбазаларын ачуу позициясы бекем боюнча кала берет", — деди Чон Чжун Хи.

2015-жылы эки Кореянын бийлиги мамилелерин жандандыруу боюнча диалогду баштаган. Алардын араздашуусу мындан беш жыл мурда бир катар куралдуу чатактардын улам келип чыккан. Буга чейин Түндүк менен Түштүктүн министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр бир гана ирет болуп, бирок, эч кандай жыйынтык берген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0