Полиция Тель-Авивде аткылоону уюштурган кишинин ким экендигин таап чыкты

© REUTERS / Nir EliasИзраиль полициясы Тель-Авивдин чок ортосунда жайгашкан барда.
Израиль полициясы Тель-Авивдин чок ортосунда жайгашкан барда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлардын маалыматында, Израиль полициясы араб тектүү Нашат Мелхем аттуу израилдикти издеп жатат.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Израиль полициясы Тель-Авивдин чок ортосунда жайгашкан барда аткылоо уюштурган араб тектүү Нашат Мелхем аттуу израилдикти издеп жатат. Анын кесепетинен эки киши курман болгондугун Рейтер агенттиги кабарлады.

Атышуу жума күнү Дизенгоф деп аталган борбор калаанын чок ортосундагы бардын жанында болгон. Акыркы маалыматтарда эки киши каза болуп, бешөө жаракат алган.

Ишемби күнү окуя болгон жерге келген Израиль премьер-министр Беньямин Нетаньяху "тиешелүү райондордо" коопсуздук боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0