Жаңы жыл түнү Дубайдагы бийик имараттын бири күйүп кетти

© REUTERS / AHMED JADALLAHДубайдагы бийик имараттардын бири күйүп кетти
Дубайдагы бийик имараттардын бири күйүп кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имараттагы кишилерди сыртка чыгарууда бир киши тепсендиде калып каза болсо, 16 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 1-янв — Sputnik. Жаңы жыл түнү Дубайдагы бийик имараттардын бири күйүп кеткенин РИА Новости билдирди.

Чет жактагы мекендештер жаңы жылды кантип тосушат?
Дүйнөдөгү эң бийик имарат саналган Бурж Аль Халиф мунарасына жакын жерде орун алган мейманканада чыккан өрттү өчүрүүгө тик учактар да тартылды. Жарандык коргонуу кызматынын өкүлүнүн айтымында, өрт 20 кабаттан чыккан. Шамалдан улам башка кабаттарга да тез эле жайылып кеткен. Өрттүн чыгышын атайын комиссия иликтеп жатат. 

Имараттагы кишилерди сыртка чыгарууда бир киши тепсендиде калып каза болсо, 16 киши түрдүү жаракаттарды алган.

Дубайдын жарандык коопсуздук кызматынын кызматкерлери өрт чыккан имаратка жакын жайгашкан курулуштардагы кишилерди да сыртка чыгарган.

Тилсиз жоонун чыгышы шаардагы майрамдык иш чараларды өткөрүүгө тоскоолдук жараткан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0