2016-жылы 1-январда дүйнө элинин саны 7,3 миллиардга жетет

© Фото / NASAЖерге космостон көрүнүш. Архив
Жерге космостон көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стистикалык маалыматтарда Кытай эң көп калкы көп өлкө болду. Андан кийин Индия, АКШ турат.

БИШКЕК, 31- дек. — Sрutnik. 2016-жылы 1-январда Жердин жашоочуларынын саны 7,3 миллиардга жетет. Бул туурасында АКШнын эл каттоо Бюросу билдирди.

Алдын ала болжолдоолор боюнча Жердин жашоочуларынын саны 2016-жылы 1-январда 7,3 миллиард 889 миң 256 адамга жетет. Бир жыл ичинде эл 78 миллион адамга же болбосо 1,08 пайызга көбөйгөн. 

Көрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети миллионунчу кыргызстандык Жердин сегиз миллиардынчы жашоочусу болушу мүмкүн
АКШда жаңы жылдын башында жашоочуларынын саны 322 миллион 762 миң киши болуп, ал 2,47 миллион адамга же 0,77 пайызга өскөн.

Мындан беш илгери болгон эл каттоодон кийин алар 14 миллион адамга көбөйгөн.

Учурда жер шарындагы калкы эң көп мамлекет болуп 1,367 миллиард адамы менен Кытай, андан кийин 1,252 миллиард жашоочусу менен Индия, андан соң АКШ, Индонезия, Бразилия, Пакистан, Нигерия жана Бангладеш турат. Россия 142,423 миллион жашоочусу менен тогузунчу орунду камсыз кылды.

Ал эми Кыргызстандын жашоочулары жакында эле алты миллион адамга жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0