НАТО Түркияга радиолокациялык жабдыгы бар учактарды жайгаштырат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАКШнын В-1 учкучу. Архив
АКШнын В-1 учкучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк атлантикалык альянсы Түркияда абадан урулуучу соккудан коргонууну күчөтүүнү каалайт. Ал жакка немис аба күчтөрүнүн радиолокациялык жабдуусу бар учактары жөнөтүлөт.

БИШКЕК, 27-дек. —Sputnik. Сириядагы абалдан улам НАТО Түркиянын абадан урулуучу соккудан коргонуусу жакшыртуу үчүн аталган өлкөгө узак аралыкка уча турган радиолокациялык жабдуусу бар Boeing E-3 Sentry учагын жайгаштырууга ниеттенип жатканын Bild am Sonntag билдирди.

Учактарды Германиянын куралдуу күчтөрү жайгаштырат. Басылманын маалыматына ылайык, Германиянын Тышкы иштер жана Коргоо министрлиги Рождество майрамына чейин эле Бундестагга боло турчу операция жөнүндө кат түрүндө кабардар кылган.

"Гайленкирхендеги базадан Boeing E-3 Sentry учактарын Түркиянын Конья шаарындагы аэродромго убактылуу жайгаштыруу пландалган", — деп маалымдайт аталган немис басылмасы.

Германиянын өкмөтүнүн маалыматына ылайык, бул операция үчүн Бундестагдын уруксаты талап кылынбайт.

Германиянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы бул маалыматты DPA http://www.dpa.de/ агенттигине тастыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0