ЮКОС ишканасынын мурдагы башчысы Михаил Ходорковскийге эл аралык издөө жарыяланды

© Sputnik / Василий Прокопенко / Медиабанкка өтүүЮКОС ишканасынын мурдагы башчысы Михаил Ходорковский. Архив
ЮКОС ишканасынын мурдагы башчысы Михаил Ходорковский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Михаил Ходорковскийди эки ай камакка алуу боюнча сот сыртынан өкүм чыгарды. Кремлден билдиришкендей, Путиндин Ходорковскийди 2013-жылы кечиргени менен учурдагы камакка алынуусу бири-бирине карама-каршы келбейт.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Басман райондук соту Михаил Ходорковскийди камакка алуу чечимин чыгарды. Ал адам өлтүрүүнү уюштуруу жана киши өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча айыпталууда. Россиянын тергөө комитети ага эл аралык издөө жарыялаганын РИА Новости билдирди. 

Кадыров Ходорковскийди мусулмандардын жана өзүнүн жеке душманы деп жарыялады
Чет мамлекетте жүргөн ишкер россиялык укук коргоо органдары менен байланышуудан баш тартып, ага карата эл аралык издөөнүн жарыяланышы анын жашоосуна эч кандай таасир бербейт деп ишенет.

Буга чейин тергөө комитети Ходорковскийге сыртынан адам өлтүрүүнү уюштуруу жана экиден көп кишини өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча айыптарын угузган. Тергөө амалдарына ылайык, 90-жылдары ал кол алдында иштеген Леонид Невзлин менен Алексей Пичугинге жана башкаларга Нефтеюганск шаарынын мэри Владимир Петуховду жана ишкер Евгений Рыбинди өлтүрүүнү уюштуруу иштерин тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0