Аль-Абади: арзан мунай Ирактын террористтерге каршы күрөшүүсүнө таасирин тийгизүүдө

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги. Архив
Ислам мамлекети террордук уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирак өкмөт башчысы АКШ башында турган эл аралык коалиция менен биргелешип иш алып барып жатканы менен алардан акча өтө жай түшүп жана анысы жеткиликсиз болууда деп билдирди.

БИШКЕК, 20-дек — Sputnik. Мунай затына болгон баанын арзандашы Ирактын "Ислам мамлекети" террордук уюмуна болгон күрөшүнө таасирин тийгизет. Бул туурасында аталган өлкөнүн премьер-министри Хейдар аль-Абади кытайлык Синьхуа маалымат агенттигине билдирди. 

"Биз "Ислам мамлекетине" каршы күрөштү жүргүзүп жатабыз, бюджетибиз согуш башталгандагы көлөмүнө салыштырганда 30 пайызга кыскарды. Баанын арзандашы аталган терррордук уюмга каршы күрөшүбүзгө таасир кылганы менен ага кесепетин тийгизбейт деп ишенем", — дейт премьер-министр.

Аль-Абадинин айтымында, ирак өкмөтүнө чыгымдын көлөмүн өзүнүн деңгээлинде кармап турууда кыйын болуп жатат жана аны болушунча кыскарткан. Анткен менен алардын террордук уюмдарга каршы күрөшүүгө каражат бөлө турган атайын бөлүмдөрү бар.

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чуркин: мунайдан тышкары, ИМ эгин, фосфат жана цемент менен соода кылат
Ал эми АКШ башында турган эл аралык коалиция менен биргеликте биргелешип иш алып барып жатканы менен алардан акча өтө жай түшүп жана анысы жеткиликсиз болууда.

Аль-Абади Кытайга жасаган иш сапарынын максаттарынын бири — Ирактын аталган террордук топко каршы туруу дараметин сактап калуу экендигин билдирди. Ал келерки аптада Кытайга расмий иш сапар менен барып, алардын жетекчилиги менен мунай боюнча кызматташып, инвестиция тартуу жана куралдарды алууну арбытуу боюнча сүйлөшмөкчү.

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири болуп калууда.Үч жыл ичинде террористтер Ирак менен Сириянын көпчүлүк жерлерин басып алышкан. Алар эми өз таасирин Түндүк Африкада, тагыраак айтканда, Ливияда жайылтуу аракетин көрүп жатат. Террорчулар басып алган жерлердин жалпы аянты 90 миң чарчы чакырымга жетет. Экстремисттик топтун катарындагылардын саны ар кандай маалыматтар боюнча 50 миңден 200 миңге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0