Британия Европа биримдигине чыгуу жөнүндө референдум өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол чатыр кармаган аял. Архив
Кол чатыр кармаган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин парламент тарабынан жактырылган мыйзам долбоору бейшемби күнү падышалык санкция алды. Бул документ расмий түрдө бекитилди дегенди түшүндүрөт. Анда референдум "2017-жылы 31-декабрдан кеч эмес" өткөрүлсүн деп жазылган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Улуу Британияда Европа биримдигинен чыгуу жөнүндө референдум өткөрүү боюнча мыйзам расмий түрдө кабыл алынганын өлкөнүн тышкы иштер министри Филип Хаммонд билдирди.

Улуу Британиянын өкмөтү парламентке ЕБден чыгуу жөнүндө референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун ушул жылдын май айында алып келген.

Хаммонддун айтымында, буга чейин парламент тарабынан жактырылган мыйзам долбоору "падышалык санкцияны алды". Бул документ расмий түрдө бекитилди дегенди түшүндүрөт.

"Эми британдыктардын ЕБ боюнча акыркы сөзүн айтууга дагы бир кадам жакындады", — деп министр белгиледи.

Россиялык аскерлер Су-24 учагына отуруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Европалыктар менен америкалыктар Россиянын Сириядагы аракетин колдойт
Документте референдум "2017-жылдын 31-декабрынан кем эмес" мөөнөттө өтсүн деп жазылган.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон референдум өткөргөнгө чейин Британиянын ЕБдеги мүчөлүгүнүн шарттарын жана биримдиктин өзүндө реформа жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөргө жетүүгө аракет кылууда. ЕБ боюнча өнөктөштөрү менен сүйлөшүү төрт тармакты камтыйт. Алар: атаандаштык, суверенитет, социалдык саясат жана экономикалык башкаруу.

Жаңылыктар түрмөгү
0