Песков: чоң маалыматтык согуш жүрүп жатат

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүРФтин президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив
РФтин президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргонуунун жалгыз каражаты өз көз карашыңды дүйнөлүк коомчулукка жеткирүүгө багытталган активдүү маалыматтык линия болушу керек деп эсептейт РФтин президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Дүйнөдө чоң маалыматтык согуш жүрүп жатат деп эсептейт РФтин президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

"Ал көптөн бери жүргүзүлүп жатат. Бул чоң оюн эмес, ал чоң маалыматтык согуш", — деди Песков "Россия 24" телеканалына берген маегинде. 

Ал бул маалыматтык согушта айрым ЖМК "адамдык баалуулуктарын жоготуп, массалык маалымат каражаты катары өз функцияларын жоготууда" деп белгиледи.

"Биз маалыматтык согуштун бардык катышуучуларын көрүп жатабыз, биз объективдүү маалыматтык оппоненттерди көрүп жатабыз жана кандайдыр бир объективдүүлүгү жок оппоненттерди да көрүп жатабыз. Андыктан тийиштүү тыянактарды чыгаруудабыз", — деп кошумчалады Песков.

Россиялык аскерлер Су-24 учагына отуруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Европалыктар менен америкалыктар Россиянын Сириядагы аракетин колдойт
Анын айтымында, буга каршы аракет көрүүнүн жалгыз каражаты өз көз карашыңды дүйнөлүк коомчулукка жеткирүүгө багытталган активдүү маалыматтык линия болушу мүмкүн.

"Биздин өлкө акыркы убакта өзү да көп нерсени үйрөндү, кыязы, бул иште кандайдыр бир жогорку стандарттардын мыйзам чыгаруучусу болду деп ойлойм", — деп белгиледи маалымат катчысы.

"Мамлекеттик ЖМК бизде бар, алар абдан активдүү, алар эң жогорку деңгээлде иштеп жатышат, алар абдан кесипкөй. Алар катуу асылууларга туш болуп жатышат, аларды бардык нерселер үчүн күнөөлөп жатышат. Дал ушул катуу асылуулар биздин мамлекеттик ЖМКнын ишинин натыйжалуулугунун белгиси болуп эсептелет", — деп кошумчалады Песков.

"Ал ошондой эле жеке менчик массалык маалымат каражаттары жөнүндө да айтып берди. "Өз ишин ийгиликтүү аткарып жаткан зор сандагы менчик жана корпоративдик ЖМКлар бар. Жалпысынан деги эле Россиядагы бул сектор жогорку кесипкөйлүк деңгээлде турат", — деди Песков.

Жаңылыктар түрмөгү
0