Муфтий Лондондогу форумда диний радикалдашууга каршы КРдеги иштер боюнча айтып берди

© пресс-служба УВД Жалал-АбадКыргызстан муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив
Кыргызстан муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лондон шаарындагы эл аралык форумда муфтийлер улуттук маданиятты сактоо менен экстремизм, терроризмдин алдын алуу сыяктуу маселелерди талкуулап жатышат.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстан муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Лондондо өтүп жаткан мусулмандардын XI эл аралык форумунда сүйлөп жатып, Кыргызстанда да экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери масштабдуу жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Бул эл аралык иш-чарага Россия мусулмандарынын дин башкармалыгы, Аль-Мустафа эл аралык университетинен жана Татарстан мусулмандарынын муфтийи жана диний лидерлер катышууда.

"Экстремизм, терроризм бир элдин же бир мамлекеттин эле эмес, жалпы адамзаттын көйгөйү болуууда. Кыргызстанда да бул жаатта мектеп окуучуларынын, студенттердин, жаштардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ага облустагы казыяттардын кызматкерлери да катышып жатат", — деди Токтомушев. 

Форумда радикализмдин алдын алуу, салттуу руханий-нравалык баалуулуктарды, улуттук маданиятты сактоо менен экстремизм, терроризмдин алдын алуу сыяктуу бир топ темалардын айланасында талкуу жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0