Европалыктар менен америкалыктар Россиянын Сириядагы аракетин колдойт

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүРоссиялык аскерлер Су-24 учагына отуруп жатышат. Архив
Россиялык аскерлер Су-24 учагына отуруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо Populus изилдөө компаниясы тарабынан 2015-жылдын 2-8-декабрь күндөрү жүргүзүлгөн. Ага Улуу Британия, АКШ, Германия жана Түркия мамлекеттеринен 4083 жаран катышкан.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Sputnik Эл аралык агенттиги жана радиосу үчүн британиялык Populus изилдөө компаниясы жүргүзгөн сурамжылоо боюнча Германиянын теңинен көбү (51 пайыз), британиялыктардын 42 пайызы жана америкалыктардын 35 пайызы Россиянын Сириядагы аракетин колдой турганы аныкталган.

Сурамжылоого ылайык, түркиялыктардын 64 пайызы Россиянын аракетине каршы экенин билдирсе, 17 пайызы колдой турганын айткан.

"Россиянын Сириядагы аракети тууралуу билесизби?" деген суроого британиялыктардын 90 пайызы "ооба" деген жооп берген. Сириядагы абалды Түркия менен Германиянын (87 пайыз) жашоочулары да жакшы биле турганын айтышкан. АКШда бул көрсөткүч 74 пайызды түзүп, бирок бул тууралуу билбегендердин саны да көп болгон (26 пайыз).

Россиянын Сириядагы аскердик операциясын француздардын 77 пайызы колдойт
Россиянын Сириядагы аракети тууралуу кабары бар немистердин көбү (63 пайызы), англичандардын теңи (50 пайыз) жана америкалыктардын үчтөн бири (30 пайыз) россяилык учактын атып түшүргөн Түркиянын аракетин сынга алган. Ал эми түркиялыктардын 71 пайызы учакты атып түшүрүүгө буйрук бергендерди колдой тургандыктарын билдиришкен.

Сурамжылоо Populus изилдөө компаниясы тарабынан 2015-жылдын 2-8-декабрь күндөрү жүргүзүлгөн. Ага Улуу Британия, АКШ, Германия жана Түркия мамлекеттеринен 4083 жаран катышкан. Алар жынысы, жаш-курагы жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет. Ишенимдүүлүктүн 95 пайыз мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1 пайызды түзөт.

"Sputnik.Пикирлер" долбоору тууралуу маалым кат

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2014-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus изилдөө компаниясы болду. "Sputnik.Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0