Сауд Аравияда жергиликтүү бийлик шайлоосуна биринчи жолу аялдар катышты

© Sputnik / Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүЭр-Рияд шаары, Сауд Аравиясы. Архив
Эр-Рияд шаары, Сауд Аравиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясы ушу кезге чейин аялдардын шайлоого болгон укугун чектеп келген жападан жалгыз өлкө. Бул шайлоодо аялдар тарыхта биринчи жолу талапкер катары да, шайлоочу катары да өз укугун пайдаланып жатышат. Мында алар эркектерден бөлүнүп добуш берет.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Сауд Аравиясында биринчи жолу аялдар талапкер катары да, шайлоочу катары катышып жаткан муниципалдык шайлоо болуп жатканын Франс Пресс агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Сауд Аравиясы ушу кезге чейин аялдардын шайлоого болгон укугун чектеп келген жападан жалгыз өлкө. Буга чейинки муниципалдык шайлоо 2005 жана 2011-жылдары өткөн.

Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8.00дө башталган. Мында аялдар менен эркектер өз-өзүнчө жайда добуш беришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0