Кыргызстандык уздар италиялыктарды таң калтырууда

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүШырдак фестивалында катышуучу. Архив
Шырдак фестивалында катышуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөгө келгендер кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн колунан чыккан моюн орогучтар менен кийиз жасалгаларына кызыгуу жаратышты.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргыз кол өнөрчүлөрү Италияда өтүп жаткан эл аралык көргөзмөгө катышып жатканын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн 110 мамлекети катышууда. Борбордук Азиядан 18 компания барып, анын 10ун кыргызстандык кол өнөрчүлөр түзөт. Кыргызстандык уздар көргөзмөгө кийиз, табигый жибек жана башка материалдан даярдалган буюмдарды сунуштап жатышат.

"Кийиз оюу түшүрүлүп табигый жибектен жасалган моюн орогучтар аябай чоң кызыгууну жаратты. Өзгөчө жаңы жыл алдында аталган продукцияга суроо-талап жогору болуп жатат", — деди Соода-өнөр жай палатасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Мусуралиев.

Италияда өтүп жаткан эл аралык көргөзмөгө Кыргызстан ушуну менен экинчи ирет катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0